2022-жылы кылмыштын бетин ачуу көрсөткүчү 60 пайызды түздү
2022-жылы өлкөдө кылмыштардын бетин ачуу көрсөткүчү 60 пайызды түздү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйынында айтылды.
Кабарлангандай, жыл ичинде 45 миң 96 кылмыш катталган.
Жыйында кылмыштуулукту алдын алуу, кылмыштардын бетин ачууну жакшыртуу, өздүк курам арасында ички тартипти чыңдоо, кесиптик даярдыкка даярдоону күчөтүү учурдун негизги талаптары экендиги баса белгиленди.
Ошол эле учурда 2022-жылы чет өлкөлөрдүн укук коргоо органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты бекемдөө максатында 354 иш-чара уюштурулуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуу жагы бекемделип жатканы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.