Ысык-Атада төрөттөн кийин каза болгон 19 жаштагы келиндин өлүмүнө байланыштуу төрт кызматкер иштен алынды
Ысык-Ата районунда төрөттөн кийин каза болгон 19 жаштагы келиндин өлүмүнө байланыштуу төрөт үйүнүн төрт кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинде энелердин өлүмү боюнча республикалык комиссиянын отурумунда айтылды.
Маалымдалгандай, жыйындын жүрүшүндө бул иш боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы айтылып, анда 19 жаштагы келинге медициналык жардам көрсөтүүдөгү кемчиликтер айтылды. Жаңы көз жарган эненин өлүмү полиоргандык жетишсиздиктин натыйжасында сепсистин өнүгүшүнөн болгону белгиленди. Соттук-медициналык экспертизанын жана гистологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек болгондуктан, мындай корутунду берилген медициналык документтердин негизинде чыгарылган.
Отурумдун жыйынтыгында ыкчам акушердик жардамды сапаттуу көрсөтүү боюнча саламаттыкты сактоо уюмдарынын иш-аракеттерин жетиштүү координация жасабагандыгы үчүн Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Б.Мамытовага сөгүш жарыяланды.
"Ошол эле учурда эненин өлүмүнө алып келген ыкчам акушердик жардам көрсөтүүнү начар уюштургандыгы үчүн Ысык-Ата райондук ЖДПБнын директору Мукаева Р., директордун орун басары Сабырова Н., ЖДПБнын төрөт бөлүмүнүн башчысынын м.а. Бегалиева А.; Санавиация тармагындагы функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн (санавиациянын линиясы аркылуу чыгуудан баш тарткандыгы үчүн) №1 төрөт үйүнүн акушер-гинекологу А.Маматалиев ээлеген кызматынан бошотулду", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Ысык-Ата райондук ЖДПБнын айрым кызматкерлерине укук коргоо органдары тарабынан юридикалык баа берилгенден кийин чара көрүлөрү айтылды.
Жыйындын алкаганды саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине ишенип берилген уюмдарда кош бойлуу, төрөй турчу жана төрөгөн аялдарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүлүшүн катуу көзөмөлгө алууну камсыз кылуу, сапаттуу медициналык жардамга муктаж аялдарды координациялоо жана багыттоо боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.

