super.kg logo

"Коррупцияга каршы элдик кыймыл" коомдук бирикмесинин директору кармалды (видео)

 

"Коррупцияга каршы элдик кыймыл" коомдук бирикмесинин директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалыматында айтылат.

Белгиленгендей, 1961-жылы туулган К.А. аттуу жаран ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Тактап айтканда, кармалган жетекчи акча каражатын, анын демилгеси боюнча Кемин районунун ички иштер бөлүмүндө каралып жатат деп, Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагынын башчысы К.А. аттуу жетекчисинин финансылык ишмердигин текшерүүнү токтотуу үчүн опузалап талап кылгандыгы аныкталган.

Буга чейин ал аталган коомдук бирикменин статусунан пайдаланып, укук коргоо органдарындагы байланышы бар экенин айтып жашырынып, бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө мезгил-мезгили менен суралып турган маалыматтарды жана мамлекеттик мекемелерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызыктырган башка маалыматтарды сурап турган.

Талаптарын аткаруудан баш тартышса, алардын ишин текшерем деп коркутуп, прокуратурага жана Эсептөө палатасына арыз менен кайрылып, системалуу түрдө акча талап кылып жүргөн.

Мындан тышкары, ал подрядчыларга кызматташууну сунуштап, тендерлерди оң чечимге чечип берүүсүн убада кылып, ал үчүн жарыяланган тендердин суммасынан 10 пайызын талап кылган. Эгер баш тартса, ал ошондой эле алардын уюмун текшерүүгө аракет кылам деп коркуткан.

К.А.дын бул аракеттери мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, ошондой эле жеке уюмдардын жетекчилеринин нааразычылыгын жараткан.

Азыркы учурда ал УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






"Коррупцияга каршы элдик кыймыл" коомдук бирикмесинин директору кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
04.02.2023. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай адамдарды жер кантип которуп журот! Атуу, атуу, атуу!
06.02.2023. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
06.02.2023. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
06.02.2023. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: