super.kg logo

Жапаров спортчуларга жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

 

Кечээ, 4-февралда, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда 2022-жылдагы жетишкендиктери үчүн спортчуларга мамлекеттик сыйлыктарды салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт.

Куттуктоо сөзүндө министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун кайрылуусун окуп, 2022-жылы кыргызстандыктар эл аралык аренада спорттогу чоң ийгиликтерге жетишкендигин белгиледи.

"2022-жыл кыргыз спорту үчүн ийгиликтердин жана жеңиштердин жылы болду десем жаңылышпайм. Мамлекет спорт тармагын колдоого жана каржылоого бардык күч-аракетин жумшады. Биздин сыймыктуу жана кайраттуу спортчуларыбыздын жеңишке жетүүдөгү майтарылбас эрки жалпыбыз үчүн бир гана алга умтулууга стимул болуп калды", - деди Жапаров.

Мындан сырткары учурда улуттук команданын жетишкендиктери дүйнөлүк спорттун тарыхында өз изин калтыргандыгын кошумчалады.

Ошол эле учурда Сербиянын Белград шаарында өткөн дүйнө чемпионатында спортчуларыбыздын жетишкендиктерин баса белгилеп, 2022-жылы биздин спортчубуз Жоламан Шаршенбеков жылдын мыкты спортчусу деп табылгандыгын белгиледи.

Акылбек Жапаров спортчулардын машыктыруучулар курамына өзгөчө басым жасады.

"Сиздердин эмгегиңиздер эч качан унутулбайт. Спорт тармагындагы жетишкендиктер өлкөбүздүн ырааттуу түрдө өнүгүп жаткандыгын гана далилдейт. Жана бул чек эмес. 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында үмүттү актайсыздар деп терең ишенем", - деди төрага.

Андан соң мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
06.02.2023. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
06.02.2023. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
06.02.2023. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: