super.kg logo

Кыргыз Эл артисти Геннадий Базаров дүйнө салды

 

Кинорежиссёр, сценарист, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз искусствосуна Эмгек сиңирген ишмери Геннадий Базаров көз жумду. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Айтымдарында, Базаров түн ичинде дүйнө салган.

Ал 1942-жылы Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында туулган.

Геннадий Базаров 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүткөн.
Эмгек жолун 1959-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында баштаган. Адегенде жумушчу, оператордун ассистенти, кийинчерээк режиссёрдун ассистенти болгон. Окуп жүргөндө кыска метраждуу "Намаз окуу" жана "Тыныгуу" аттуу киноновелла тарткан.

1967-жылы "Саманчы жолу" (сценарийин жазгандар: Ч.Айтматов, Б.Добродеев, И.Галанкин) фильмин дипломдук иши катары тасмага түшүрөт. "Буктурма" (1966, X.Булатов, Дегальцев, А.Шаршенова), "Көчө" (1973, М.Гапаров), "Биринчи" (1984, Г.Базаров, Л.Дядюченко), "Көз кареги" (1975, Л.Дядюченко) кинотасмаларды, "Бойго жеткендер үчүн баш калкалоочу жай" (1986), "Айың" (1989), "Аномалия" (1991) көркөм фильмдерди жана "Антракт" (1994), "Түндө" (1995) кыска метраждуу новеллаларды, даректүү тасмалардан "Искусство жөнүндө баян" (1974), "Жазуучу" (1980), "Чыңгыз Айтматов" (1980) жана башка тарткан.

Маданият жана искусствонун ишмерлери А.Токомбаева, Н.Байтемиров, А.Темирова, Г.Ажыбекова жана башка жөнүндө кинопортреттердин галереясын түзгөн. Андан сырткары Геннадий Базаровдун "Прикосновение к личности" (1986), "Пауза для размышления" (1985), "Гримаса" аттуу повесттери чыккан.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Геннадий Базаровдун каза болгондугуна байлыныштуу анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: