super.kg logo

Ыдырыс Исаковдун суракка чакыртылышы: Милиция бул боюнча билдирүү жасады

 

Кечээ, 5-февралда журналист Ыдырыс Исаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакыртылган болчу. Ал күбө катары суралганын шаардык милициядан билдиришти.

Ага ылайык, өткөн жумада ТикТок’то «Альберт» (Albert) деген аккаунт аркылуу «Кыргыз ойгон, уйгур мафиясы Кыргызстанды тоноп жатат» деген темада видеоролик жарыяланып, анда Ыдырыс Исаковдун видео кайрылуусу дагы болгон.

"Бул видеоролик жана анын темасына байланыштуу Ош ШИИБнин тергөө кызматына Ы.Исаков 5-февраль күнү күбө катары чакырылып, кайрылуу качан жасалгандыгы, кайсы уйгур мафиясы тууралуу кеп болуп жаткандыгы суралды.

Ыдырыс Исаков видео жүктөгөн «Альберт» деген атуулду тааныбай тургандыгын, бул видео 2020-жылы элге жасаган кайрылуусунан монтаждалып белгисиз адамдар тарабынан жасалгандыгы жана кайсы уйгур мафиясы тууралуу кеп болуп жаткандыгын билбегендигин билдирди", - деп жазылган маалыматта.

Күбө катары суралган Ыдырыс Исаков бир саатка жетпеген убакытта Ош ШИИБнин тергөө кызматында болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: