10-декабрда Кара-Балта шаарында жана Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт
Эртең, 10-декабрда Кара-Балта шаарында жана Чүй облусунун айрым айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ААКсынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, саат 09:00дөн 17:00гө чейин электр зымдарын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Жайыл районунун Эрктүү, Ийри-Суу айылдарында жана Кара-Балта шаарындагы №39, 41, 43-көп кабаттуу үйлөрдө электр жарыгы өчүрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

