super.kg logo

Жээнбек Кулубаев Түркиянын ТИМ башчысына көңүл айтты

 

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглуга жер титирөөнүн натыйжасында көп сандаган курмандыктарга жана кыйроолоруна байланыштуу көңүл айтты.

«2023-жылдын 6-февралында Түркиянын бир топ провинцияларында болгон катуу жер титирөө жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалап, боордош түрк элине бул кырсыктын кесепетин тез арада жоюлушуна тилектешмин», – деп айтылат ТИМ башчысынын көңүл айтуусунда.

Маалымат үчүн: бүгүн, 6-февралда саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болду. Жер силкинүүнүн очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алды. Ал Адана, Анкара, Анталия, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен өлкөнүн жети аймагында 76 адам каза болуп, 440 адам жарадар болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: