Жапаров Эрдоганга жер титирөөдөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты
Өлкө башчы Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга көптөгөн курмандыктарга жана ири кыйроолорго алып келген жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда мамлекет башчысынын маалымат кызматынан билдирди.
"Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишине тилектешмин", - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.
Белгилей кетсек, 6-февралга караган түнү саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болду. Жер силкинүүнүн очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алды. Ал Адана, Анкара, Анталия, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен өлкөнүн жети аймагында 76 адам каза болуп, 440 адам жарадар болгон.
