Жапаров: "Таксилер үчүн газ менен жүрүүчү унааларды сатып алуу идеясын колдоого даярбыз"
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров борбор калаанын 2022-жылга карата ишинин жыйынтыгын чыгаруу жана 2023-жылга пландары боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын кеңейтилген коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.
Ал министрлер кабинети борбордун көйгөйлөрүн чечүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.
"Планга ылайык, шаарда 2023-жылы 1500дөн ашык экологиялык жактан таза автобустар жүрүшү керек. Биз ошондой эле таксилер үчүн газ менен жүрүүчү унааларды сатып алуу идеясын колдоого даярбыз, ЖЭБди Бишкек шаарынын мэриясына этап-этабы менен өткөрүү боюнча иштер жүрүп жатат. Жаңы конуштарды газдаштыруу боюнча активдүү иштер башталат. Унаа токтоочу жайларга көңүл буруу керек, жаңы турак жай комплекстерин пландаштырууда унаа токтотуучу жайлар каралышы керек. Бул тиешелүү уруксат документтерин алуу үчүн милдеттүү шарт болуп калуусу абзел. Эң негизгиси борбор калаанын тургундары жана меймандары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл", - деди Акылбек Жапаров.
Ошондой эле ал шаардагы тазалыкты камсыздоо маселесине өзгөчө басым жасады.
"Бул муниципалитеттин ишиндеги негизги багыттардын бири. Өз убагында чара көрбөсөк, чоң айылга айланып калуу коркунучу бар. Жарандар шаар маданиятына жаштайынан үйрөнүүсү зарыл. Таштанды таштабоо, түкүрбөө, таштандыны иргөө, бөлөк адамды урматтоо деген сыяктуу нерселер бала кезден сиңирилиши керек. Биз жаңы конуштарды борбордун толук кандуу бөлүгү катары кабылдап, ал жердеги шарттар шаардын борборундагыдай деңгээлде болушу керек", - деп белгиледи өкмөт башчы.
Акылбек Жапаров Ош жана Бишкек шаарлары өлкөнүн өнүгүүсүндө кыймылдаткыч күч катары болушу керектигин белгилеп, шаардын өнүгүшүнө ар бир тургун өз салымын кошуусу керектигин кошумчалады.
