super.kg logo

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров 2023-жылга карата пландары тууралуу айтып берди

 

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров муниципалитеттин 2023-жылы жасай турган иштери тууралуу айтып берди. Бул тууралуу ал 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп жаткан борбор калаанын мэриясынын коллегиясында билдирди.

Калаа башчысы белгилегендей, 6 саламаттык сактоо мекемеси жана "Ак-Бата" конушунда 1 мектеп курулат. Ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 12 бала бакча куруу пландалууда.

Бул жылы "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү"долбоорунун 3-этабынын алкагында 4 жол өткөөлүнүн курулушу башталат. Ошондой эле узундугу 16 чакырым болгон жолдорго жана узундугу 20 чакырым болгон тротуарларга капиталдык ремонт жүргүзүлөт. Мындан сырткары ал 10 муниципалдык мончо куруу пландаштырылып жаткандыгын айтты.

Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн жана Чүй проспектиси менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишинде эки жер астындагы өткөөл курулат. Муну менен катар катуу тиричилик калдыктарын сорттоочу 100 пункт ишке киргизилет. Катуу тиричилик калдыктарын жер алдында сактоочу жайды куруу боюнча долбоор ишке ашырылат.

Мэрдин айтымында, 5000 бир түстүү электртакси сатып алуу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландаштырылууда. Мындан тышкары, 12 скважина куруу пландалууда.

2023-жылга карата мэриянын планы:

- Бишкек шаарынын аймагындагы гараж кооперативдери жана башка объекттер үчүн мурда пайдаланылган 50 гектар жерди кайтарып берүү;
- Жерди ижарага берүү боюнча аукциондордун бардык түрлөрүн жаңылоо;
- Үч муниципалдык рынокту түзүү;
- Сейил бактардын аймактарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуунун эсебинен бюджеттин киреше бөлүгүн 30 миллион сомго чейин көбөйтүү;
- Көп батирлүү турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага алынган жер участокторун сатууну уюштуруу.

Мындай пландарды ишке ашыруунун эсебинен муниципалдык менчикти башкаруу чөйрөсүндөгү кирешелерди 2022-жылга салыштырмалуу 160 миллион сомго көбөйтүү пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.02.2023. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: