Нурланбек Шакиев Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасына кат жолдоду
Бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркиянын түштүк-чыгыш аймагында катталган жер титирөөгө байланыштуу аталган өлкөнүн Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентопко кат жолдоду. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдирди.
"Көп адамдын өлүмүнө алып келген каргашалуу кырсык тууралуу кабарды кабатырлануу менен кабыл алганын айткан Нурланбек Шакиев боордош түрк калкына Жогорку Кеңештин атынан көңүл айтты. Ошондой эле жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилеп, кыргыз эли ушундай кыйын учурларда түрк эли менен бирге экенин кошумчалады", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, 6-февралга караган түнү саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болду. Жер силкинүүнүн очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алды. Жер титирөө Адана, Анкара, Анталия, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен 912 адам каза болуп, 5 миңден ашуун адам жарадар болгон.


1 |