super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Түркияга жөнөп кетти

 

Түркияга жер титирөөдө жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жөнөп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлады.

"Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жер титирөө катталган Түркия Республикасына Кыргызстандык куткаруучулар жардамга жөнөтүлдү. Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча эл аралык келишимдердин негизинде урандылардын астында калган адамдарды издөөгө жана куткарууга, тазалоого 63 куткаруучу жөнөп кетти.

Куткаруучулар 20 күнгө жетерлик тамак-аш азыктарын, издөө, куткаруу иштерине тиешелүү шаймандарын өздөрү менен алып кетишет. Мындан сырткары урандылардын астынан жабыр тарткан адамдарды издөөгө ӨКМга караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун машыктырылган 2 ити тартылмакчы. Жардам берүүгө чыккан курамда куткаруучулар, врач, фельдшерлер, психологдор, кинолог бар", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жакын арада Түркияга гуманитардык жардам жөнөтүлөрү кошумчаланды.

Белгилей кетсек, 6-февралга караган түнү саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болду. Жер силкинүүнүн очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алды. Жер титирөө Адана, Анкара, Анталия, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен 912 адам каза болуп, 5 миңден ашуун адам жарадар болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: