super.kg logo

ЭЛДИК КАБАРга жооп: Министрлик шаардык кургак учукка каршы борбору жабылып жатканын түшүндүрдү

 

ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган окурман Бишкек шаарында жалгыз кургак учукка каршы эмдөө борбору болсо, аны жаап жатканы кандай деп собол салган. Анда ал "30-январда Бишкектеги кургак учукка каршы эмдөө борборуна барып келдим. Шаар боюнча ошол жерде эле карашат экен. Ал жерди жаап жатышыптыр. Бизди кабыл албай уруш-талаш менен көрүнүп келгенбиз. Ошол жерде 20дай адамды араң кабыл алышты. Себебин сурасак борборду жоюп ар кимдин жашаган жеринен дарыгерге көрүнө турган кылыптыр.

Эми суроо? Борбордо жалгыз кургак учукка каршы эмдөө борборун эмнеге жаап жатышат? Эмнеге алардын санын көбөйтпөйт?" деген болчу.

Аталган маселе боюнча саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыковго кайрылганыбызда, аталган борбор эскиргенине байланыштуу жабылып жатканын билдирди.

"Шаардык кургак учукка каршы диспансеринин имараты эски. Шарттары да талапка жооп бербейт. План боюнча ал жерге эми балдар поликлиникасы курулат.

Мындан ары жарандар жаңы, заманбап курулган калаадагы Кургак учукка каршы ооруканада текшерүүдөн өтө алышат.

Ал эми анда иштеген кызматкерлер башка ооруканаларга которулат. Көпчүлүгү, 70тей пайызы жаңы курулган Кургак учукка каршы ооруканага которулат. Айрымдары калаадагы үй-бүлөлүк медицина борборлоруна жумушка орношот. Ал жерде кургак учук боюнча амбулатордук кызматында жарандарга жардам көрсөтүшөт", - деп билдирди ал.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: