Сокулук районунда социалдык-эмгек реабилитациялык борбору ачылды (сүрөт)











Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүйдүн Сокулук районундагы социалдык-эмгек реабилитациялык борборунун ачылышына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.
"Борбор 3 кабаттан турат, анда студенттер жана окуучулар үчүн окуу кабинеттери, тигүү жана жыгач устачылык цехи, майыптардын арабасын оңдоочу устакана бар. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын ыңгайлуу жашоосу үчүн 16 батир каралган", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле өкмөт башчы реабилитациялык борбордун курулушун каржылаган "Ассанабил" кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдиргени кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.