Бишкектин борбордук бөлүгүндө сквер пайда болот (эскиз)




Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү Жусуп Абдрахманов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода жайлары алынып, анын ордуна сквер салуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда мэриянын маалымат кызматынан билдирди.
Аталган иштер борбор калааны көрктөндүрүүнү жана жашылдандырууну колго алуу чараларынын алкагында жасалып жатканы айтылды.
"Соода түйүндөрүнүн ээлери менен түшүндүрүү иштери өткөрүлдү, алар үчүн шаардыктарга ыңгайсыздык жаратпай турган башка жер каралат. Киев көчөсүндөгү "Ордо" бизнес-борборуна чейинки бардык объекттер алынат", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, коомдук транспорт үчүн заманбап, жылууланган, адамдын жүзүн тааный турган камера орнотулган аялдама куруларын билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.