super.kg logo

"Тазалык" кызматкерлеринин маянасы 100 пайызга көбөйдү

 

Бишкек шаарынын "Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринин маянасы 100 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу брифингде аталган мекеменин директору Рамиз Алиев билдирди.

Анын айтымында, калаада санитардык тазалык иштерин аткарган 1100 кызматкердин маянасы көбөйдү.

"Калаа 1240 технологиялык жол картага бөлүнгөн. Ар бир картанын өзүнүн баасы болот. Көчө шыпырган кызматкерлер картага карап маяна алышат.

Азыркы учурда шаар тургундары шаардын көпчүлүк бөлүгү тазаланбай калганына даттанышкан. Буга байланыштуу карталардын санын 750гө чейин кыскарттык. Бир кызматкер 3 карта менен иш алып барганда физикалык жактан жетишпей калат. Мындан ары ар бир көчө шыпырган кызматкерде бирден гана техникалык карта болот", - деди ал.

Эми "Тазалыкчылардын" маянасы көбөйтүлгөн соң кызматкер эң аз маяна 22 миң сом алса, эң көп болгондо 35 миң сом алат.

Маалымат үчүн: 31-январда шаардык кеңеште калаадагы катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу жана көмүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөнүүчү бааны жогорулатуу боюнча токтом долбоору кабыл алынган. Токтом долбоору 1-февралдан тарта күчүнө кирди, атап айтканда шаар тургундар 1-марттан тарта жаңы тариф төлөм төлөп баштайт.

Учурда Бишкек шаары боюнча таштандыны иргей турган 3 жай иштеп жатат. Алар:

1. Биринчи Май районунун аймагындагы Панфилов көчөсү №188/2 дарегинде жайгашкан.

2. Биринчи Май районунун аймагындагы Керимбеков көчөсүн бойлой "Бишкек парк" соода борборунун жанында орун алган.

3. Октябрь районунун аймагындагы Анкара көчөсүндө жайгашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
08.02.2023. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахмат СИЗдерге тазалык кызматкерлери! Бул инсандардын меенети АК! 300 % КЕ которсода болот.
08.02.2023. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
08.02.2023. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: