super.kg logo

Кыргызстан Түркияга дарыгерлерин жөнөтүүгө даяр

 

Кыргызстан Түркияга жер титирөөдөн жаракат алгандарга жардам берүү үчүн өз дарыгерлерин жөнөтүүгө даяр. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушууда айтты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Кыргызстан жабыркагандарга медициналык, дары-дармек жана медициналык буюмдар жактан жардам көрсөтө алат.

"Түркиядагы көп сандаган адам курмандыктарына алып келген ири табигый кырсык ар бирибиздин жүрөгүбүздү тилип өттү. Кыргызстандын медицина кызматкерлери жаратылыш кырсыгынын кесепетинен каза болгон жарандар үчүн боордош түрк эли менен бирге чын жүрөктөн аза күтүшөт. Медициналык жардам керек болсо, кыргыз тараптан дарыгерлер тобу түзүлүп, аларды Түркиянын жабыркаган аймактарына жөнөтүүгө даярбыз", - деди Баатырова.

Түркия менен Сирияда 6-февралда катуу жер титирөөдөн мерт болгондордун саны 7 миңден ашты.

Түркиянын өзүндө набыт кеткенде 5400гө жетип, 32 миңден көп киши жаракат алды.

Кыргызстан жер титирөөдөн жабыркагандар бар-жогун тактоо иштерин улантууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.02.2023. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Абдан жакшы..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: