Зилзаладан жабыркаган Газиантеп шаарындагы кыргыз кызы: "Үйүмө кайра барып жашагандан коркуп жатам"
Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган шаарлардын бири Газиантепте жашаган 34 жаштагы кыргыз кызы Нуриза окуя болгон каргашалуу күндү эстеп, айтып берди.
Ал Түркияда иштеп жатканына 5 жылдай болуп калды. Учурда жолдошу, 3 баласы менен Түркиянын Газиантеп шаарында жашайт.
"Жашоомдо мындай зилзаланы биринчи жолу көрдүм, бул күндү эстеш мен үчүн абдан оор. Өзүбүз 12 кабаттуу үйдүн 9-кабатында жашайбыз. Каргашалуу, 6-февралга караган түнү саат 4:15 чамасында жер титирөө башталды. Биз нес абалда калдык. Ошол маалда 10 айлык кызымды эмизүүгө турган элем. Жолдошум дагы жанымда болчу. Ал мени алаксытып, токтоп калат деп жатты. Бирок токтогон жок. Кудайлап эле калдык. Бир гана оюм балдарды алып чыгып кетүү болду. Балдардын бут кийимин кийгизүүгө жана кичинекей кызымды 2 жуурканга орогонго жетиштим. Силкинүү бир аз азайган учурда тепкичтер аркылуу түшүп, сыртка чыгып кеттик. Чыгып жатканда подъезде кафельдер түшүп жатты. Сыртка чыккандан кийин кайрадан жер силкине баштады. Бул жолкусу да катуу 7-8 баллга чейин болду окшойт. Саат 8ге чейин сыртта отурдук. 9дарда жолдошум үйгө кирип балдарга кийим алып чыкты. Ошол учурдан тарта азыркыга чейин сыртта жүрөбүз. Жамгыр жаап жаткан, бүгүн күн ачылды.
Кудайга шүгүр, кырсыктан аман калганыбызга. Болгону суукта калганыбызга үй-бүлөбүз менен ооруп калдык", - деди ал.
Ал аталган шаардагы айрым Кыргыз жарандарынын өлкөгө кетүү ою болсо, айрымдары Түркиянын башка шаарларына баруу пландары бар экенин да кеп кылды.
"Элчиликтен кыргыздарды чогултуп алып кеткенге аракет кылып жатышат. Бул жакта иштеген кыргыз кыздары чогуу бир жерде болууда. Алардын арасында өлкөгө кайтам дегендери бар, айрымдарынын Түркиянын башка шаарларга кетүү ойлору бар.
Майда жер титирөөлөр уланып жатат. Азыр шаар четиндеги жер үйдө жашап жатабыз. Мен жашаган үйгө кайра барып жашагандан коркуп жатам. Билбейм эми кандай болот?" деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Мындан тышкары Түркия бийлиги жардам көрсөтүп жатканын, бирок дары-дармекке муктаждык бар экенин кошумчалап өттү.
Эске салсак, 6-февралда саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болду. Ал Сириянын бир нече провинцияларында жана Ливанда да сезилген. Буга байланыштуу аталган өлкөнүн президенти Режеп Тайып Эрдоган жети күндүк улуттук аза күтүү жарыялаган.
Кыргызстан табият кырсыгынан жабыркагандарга көмөк көрсөтүү максатында ӨКМнын 63 куткаруучусун Түркияга жөнөттү. Алар жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарында көмөк көрсөтүшөт.
Акыркы маалыматтар боюнча, Түркия жана Сирияда катталган зилзаладан каза болгондордун саны 7 миң 600дөн ашты.
кошулду

