super.kg logo

"407 миллион сом". Каржы пирамидаларынан бир жылда канча жаран жабыр тартканы айтылды

 

Соңку бир жылда миңден ашуун жаран каржы пирамидаларынан жабыр тарткан. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 12 айында каржы пирамида фактылары боюнча 1 052 кылмыш иши тергелип, 765 кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Андан жабыр тарткан жарандардын саны 1000ден ашып, келтирилген материалдык чыгымдын жалпы суммасы 407 миллион 215 миң сомду түзгөн.

Ошондой эле Жалал-Абад ОИИБи жарандарды кооперативдерге катталууда этият болууга чакырган видеоролик даярдаган. Анда кооперативдерди белгилүү адамдар жарнама кылары, ага карапайым адамдар ишенип, материалдык чыгымга учурап жаткандыгы белгиленет. Мындан сырткары кооперативге катталган соң акча каражаты да тез арада тиерине ишеним жок экендиги айтылат.

Облустук милиция жарандарды кыймылсыз мүлк сатып алууда мамлекеттик ипотекалык компания же мамлекеттик банктарга кайрылууга чакырат.

?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: