super.kg logo

Түркиядагы жер титирөө: Кыргызстандын 8 жараны эвакуацияланды

 

Түркиянын Адана, Кахраманмараш жана Османие шаарларынан Кыргызстандын 8 жараны коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

"Кыргызстандын сегиз жараны Адана, Кахраманмараш жана Османие шаарларынан коопсуз жайларга көчүрүлдү. Малатияда Кыргыз Республикасынын тогуз жаранына, анын ичинде эки балага жана бир кош бойлуу аялга жардам көрсөтүлүүдө. Убактылуу жашаган жеринде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына жылуу кийимдер, жууркан-төшөктөр, суу жана тамак-аш берилди. Кырсык болгон аймакта иштөө коммуникация, интернет жана электр энергиясындагы техникалык көйгөйлөрдөн улам татаалданууда", - деп билдиришти министрликтен.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги каза болгондордун жана жабыркагандардын өздүгүн тактоо иштери уланып жатканын, бүгүн, 8-февраль саат 12:00гө карата каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок экенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: