super.kg logo

Кыргызстандан барган куткаруучулар Кахраманмараш шаарында ишке киришти (видео)

 

Кыргызстандын куткаруучулары зилзала болгон Түркиянын Кахраманмараш шаарында ишке киришти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

"Куткаруучулар тобу Стамбул шаарына жетип, андан ары Кахраманмараш шаарына учуп барган. Эртең менен Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын AFAD куткаруучуларынын базасына жайгашкан. Ал эми саат 11:30да жергиликтүү бийликтин берген тапшырмаларына ылайык, урандылардын астында калган адамдарды издеп, куткарууга киришкен", - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандан барган куткаруучулардын курамында фельдшерлер, психолог, кинологдор бар. Жалпы 67 адамдан турган топ барган.

Эске салсак, 6-февралда саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болду. Ал Сириянын бир нече провинцияларында жана Ливанда да сезилген. Буга байланыштуу аталган өлкөнүн президенти Режеп Тайып Эрдоган жети күндүк улуттук аза күтүү жарыялаган.

Белгилей кетсек, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстанда бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Ал эми материалдык түрдө берүүнү каалаган жарандар Түркиянын Бишкектеги элчилигине алып барса болот.






Кыргызстандан барган куткаруучулар Кахраманмараш шаарында ишке киришти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: