Түркиядагы жер титирөө: Муфтият жабыркагандар үчүн мечиттерде жардам чогултууда
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Түркияда катталган зилзаланын кесепеттерин жоюуга байланыштуу жардам чогултуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, жардамдар өлкөдөгү ар бир мечитте топтолууда. Тапшырыла турган кийим-кече, жууркан-төшөнчү жана буюм-тайымдар мүмкүн болушунча жаңы жана кышкы шарттарга ылайык болушу зарыл.
Ал эми акчалай жардам көрсөтүүнү каалагандарга атайын бирдиктүү эсеп ачылган. Төмөнкү реквизиттерге акча которууга болот:
Банк: “Айыл Банк” ААК
ИНН 01803199710084
БИК 135001
ОКПО 30597768
Эсеп № 1350102119900169 “КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)” (сом, АКШ доллары, евро);
Төлөм коду 14411100 – “Учурдагы жардам”;
Максаты: Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.
Муфтият учурда зилзаладан каза болгон түркиялык бир туугандарга багышталып Куран окулуп жатканын кошумчалады.
Соңку маалыматтарга караганда, Түркияда зилзаладан 5 894 адам көз жумса, 34 810 жаран жабыркаган. Мындан тышкары 5 775 турак жай ураган. Ал эми Сирияда каза болгондордун саны 1 712ге жеткени жана 2 054 киши жабыркаганы айтылууда.



1 |