Түркиядан атайын учак менен 17 Кыргыз жараны эвакуацияланды
Түркиянын Газиантеп шаарынан мекенине кайтууну каалаган 17 Кыргыз жараны Астана шаарына эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта айтылат.
Белгилүү болгондой, алар кечээ, 8-февралда Казакстандын атайын учагы менен эвакуацияланган.
"Кыргызстандын Астанадагы элчилиги эвакуацияланган жарандарды Кыргызстанга кайтып келишине көмөк көрсөтөт.
Мындан тышкары Газиантеп жана Кахраманмараштан Анталия, Алания жана Анкара шаарларына 20дан ашык Кыргыз жараны эвакуацияланган. Ошондой эле Хатай шаарынан Кыргызстандын 10 жаранын коопсуз аймактарга жеткирилди", - деп жазылган маалыматта.
Белгилей кетсек, 6-февралга караган түнү саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Жер силкинүүнүн очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алган.
Акыркы маалыматтар боюнча, табият кырсыгынан Түркия менен Сирияда каза болгондордун саны 12 миңден ашты.
