31 жаштагы Жангазиев кайрадан саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды
Бакыт Жангазиев кайрадан саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, ал министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча жаңы орун басары болду.
Буга чейин аталган кызматты Нурийпа Шериева аркалап келген.
Эскерте кетсек, Бакыт Жангазиев бул кызматта 2020-жылдан 2022-жылга чейин иштеген.
Ал 1991-жылы 7-апрелде Чүй облусунун Кант шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктаган. 2016-2018-жылдары прикладдык эпидемиология боюнча Алматыда (Field Apply Training Program) резидентурада окуган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.