super.kg logo

Элчилик Түркиядан Ташкентке учууну каалаган кыргызстандыктарды Газиантеп аэропортуна тез арада келүүнү суранат

 

Түркиядан Ташкентке учууну каалаган кыргызстандыктар Газиантеп аэропортуна тез арада келүүсү керек. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, Түркиянын жабыркаган аймактарынан Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2023-жылдын 9-февралында эртең менен (так убактысы такталууда) Газиантеп-Ташкент багыты боюнча Өзбекстандын атайын учагы менен Кыргызстандын жарандарын алып чыгуу боюнча макулдашууга жетишилген.

“Буга байланыштуу Өзбекстандын аймагы аркылуу мекенине кайтууну каалаган Кыргыз жарандарын Газиантеп шаарындагы аэропортко тез арада келүүнү суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот: +90 545 6896800, +90 552 8781158, +90 534 8388551.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: