Марат Иманкулов Москвада кесиптештери менен ооган маселелерин талкуулады
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Москва шаарында коопсуздук кеңештеринин катчыларынын ооган маселелери боюнча Бешинчи көп тараптуу жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Марат Иманкулов өз сөзүндө Ооганстанда террорчулукка, экстремизмге жана наркотрафикке каршы күрөшүү жагынан да, гуманитардык чөйрөдө да абал өтө оор бойдон калып жатканын белгиледи. Мындай абал коңшу өлкөлөр жана бүтүндөй регион үчүн коопсуздук коркунучунун деңгээлин жогорулатат.
"Коопсуздук кеңешинин катчысы ондогон жылдар бою согуш жана кагылышуулар абалында болуп келген ооган эли өз кезегинде тынчтыкта жашоого жана келечекке ишеним менен кароого татыктуу экенин баса белгиледи. Ошондой эле эл аралык жана аймактык туруктуулуктун таламдары дүйнөлүк коомчулуктан Ооганстанга жетиштүү жана өтө зарыл болгон гуманитардык жардамды тез арада берүүнү, калктын турмуш-тиричилигин камсыздоонун социалдык жана башка маселелерин чечүүдө кеңири жардам көрсөтүүнү талап кылат", - деп айтылат маалыматта.
Иш-чарага Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстандын коопсуздук кеңештеринин катчылары, улуттук коопсуздук кеңешчилери жана Кытай менен Түркмөнстандын дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү катышты.
Жолугушуудан кийин делегация башчылары Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту.
