super.kg logo

Чүйдөгү лыжа базаларынын биринде кайрымдуулук фестивалы өтөт

 

25-февралда “Mounty Норус” лыжа базасында жыл сайын өтүүчү салттуу “Кыргызстан – кышкы эс алуунун жана тоо лыжа туризминин өлкөсү – 2023” XIV кайрымдуулук фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чаранын максаты - Кыргызстанды кышкы спорттун, туризмдин жана эс алуунун өлкөсү катары таанытуу.

Анда лыжа тебүү боюнча мелдеш жана музыкалык номерлер болмокчу. Билеттерди алууда лыжа билети акысыз болот. Чогултулган бардык каражаттар калктын аярлуу топторуна колдоо көрсөтүүгө жумшалат.

Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти, Норус лыжа базасы, JIA Бизнес Ассоциациясы, JICA бүтүрүүчүлөр ассоциациясы, Эл аралык ишкерлер кеӊеши, КРнын жөө жүрүүчүлөр туристтик бирикмеси, “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: