Бишкек мэриясы бир күндүк маянасын Түркияга жардам катары которду
Борбор калаанын мэриясы бир күндүк маянасын Түркияда жабыркагандарга жардам катары которду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардык муниципалитеттин кызматкерлери Түркияда болгон жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн бир күндүк эмгек акысын которду.
Маалымат үчүн: 6-февралга караган түнү Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Жер силкинүүнүн очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алган. Акыркы маалыматтар боюнча табият кырсыгынан каза болгондордун саны 12 миңден ашты. Буга байланыштуу Түркияда 7 күн аза күтүү жарыяланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.