super.kg logo

Депутат окуучулар баңгизатын кантип сатып алып жатканын айтты

 

Өлкөдөгү дарыканалар мектеп окуучуларына көз карандылыкты пайда кылган дарыларды сатышууда. Бул тууралуу депутат Медербек Алиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Көптөгөн жабыркаган жаш балдардын ата-энелери кайрылды. Бүгүнкү күндө өзгөчө Бишкекте жаш балдарыбыз баңгизаты менен алектенет экен. Дарыканаларда атайын дарылар сатылат экен. Алар башка ооруга жумшалат, бирок кайсы бир деңгээлде ал дарыларды колдонсо баңгизаттын таасириндей эле болот экен.

Эми кайсы дарылар экенин айтпай эле коёюн, биздин дарыканалар рецепти жок эле ошол дарыларды мектеп окуучуларына сатат экен. Болгондо дагы кечинде ошол дарылардын баасын кымбаттатып сатат экен", - деди Алиев.

Депутат ошондой эле бул көрүнүштү көзөмөлгө алуу керектигин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: