super.kg logo

Япония Кыргызстанга 7,6 миллион доллар кайтарымсыз жардам бөлөт

 

Япония Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына 7,6 миллион доллар кайтарымсыз жардам бөлөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалымалдалгандай, финансы министри Алмаз Бакетаев менен Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года жана Эл аралык кызматташтык агенттигинин туруктуу өкүлү Кавамото Хироюкинин катышуусунда "Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун медициналык жабдууларын жакшыртуу" долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана гранттык макулдашууга кол коюу аземи өттү.

Ошондой эле жолугушууга саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров катышты.

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Япония өкмөтү 999 миллион япон йен (7,6 миллион доллар) грант берип жатат.

Долбоордун максаты - саламаттык сактоо уюмдарын жугуштуу эмес ооруларды диагностикалоо жана дарылоо үчүн медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу.

Маалымат үчүн: Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 26-январында түзүлгөн. Кыргызстанда иш-чаралар башталгандан бери JICA жана Япониянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан 30 келишимге кол коюлган, анын ичинен учурда 4 инвестициялык долбоор жана техникалык жардамдын алкагында 2 долбоор ишке ашырылууда. Долбоорлор транспорт, саламаттыкты сактоо тармактарын жакшыртууга багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.02.2023. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 милиону элге жетсе жакшы иш болмок сол чонтоктон сол чонтогко отуп журуп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: