super.kg logo

"100 боз үй". Кыргызстан Түркияга эки учак гуманитардык жардам жөнөтөт

 

Кыргызстан Түркияга эки учак гуманитардык жардам жана кошумча 100 куткаруучу жөнөтөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда президенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Түркияга эки учак гуманитардык жардам жөнөтүү камылгасы көрүлүүдө.

"Боордош түрк элине колдоо көрсөтүү максатында кыргыз тарап биринчи учак менен 100 боз үй, 20дай жылууланган аскер чатырын жана мобилдүү ооруканага ылайыкталган 1 чатыр жөнөтөт. Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн керектүү куткаруу механизмдери жана 2 үйрөтүлгөн ит менен 100 куткаруучудан турган атайын топ экинчи учак менен барат. Ошондой эле бул учак менен тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар гуманитардык жардам катары жеткирилет", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: