super.kg logo

ТИМ Түркияда каза болду делген Кыргыз жараны боюнча маалымат берди

 

Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги Түркияда каза болду делген Кыргыз жараны боюнча маалымат берди. Министрлик Хатай шаарында урандылардын астында 1986-жылы туулган Б.М. аттуу Кыргыз жараны каза болгону боюнча маалымат келгенин билдирди.

"Учурда Антальядагы Башкы консул Хатай шаарында. Урандылар тазалана элек болгондуктан астында жараныбыз болуп-болбогонун ырастай албайбыз. Ошого карабастан мекендешибизди түрүү табабыз деп үмүт кылып жатабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек буга чейин, басылмалар Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунун маалыматына таянып, Түркиянын Сирия менен чектеш Хатай провинциясында зилзалада Кыргызстандын бир жараны каза болгонун жазышкан. Анын хатайлык карыяны карап, иштеп жүргөнү айтылган.

Бул маалыматты тактоо максатында өлкөнүн Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевге байланышканыбызда дайыны жок болуп жаткан Кыргыз жарандары бар экенин билдирди.

"Түркияда жашап, иштеп жаткан Кыргыз жарандарынын арасында байланышка чыкпай, эч кандай дареги жок жарандарыбыз бар. Алар боюнча тастыкталган маалымат жок болгондуктан бир нерсе деп айтуу кыйын. Бирок биз дайынсыз болуп жаткандардын баарын тирүү табабыз деген үмүттө турабыз", - деди элчи.

Маалымдалгандай, учурда жер титирөөдөн жабыркаган аймактардан Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча иштер уланып жатат. Учурда Кыргызстандын дипломаттары Газиантеп, Кахраманмараш жана Шанлыурфа шаарларында да жүрүшөт.

Түрк тараптын маалыматына ылайык, Килис жана Шанлыурфада издөө-куткаруу иштери аяктады. Диярбакыр, Адана жана Османиеде издөө-куткаруу иштеринин чоң бөлүмү аяктады.

Жер титирөө болгон аймакка 75 өлкөдөн 6479 куткаруучу топ барган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: