super.kg logo

Бишкектеги ыш маселесин талкуулаган жыйын өттү

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкектеги ыштын келип чыгуу себептерин жана алардын алдын алуу жолдорун чечүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрдү. Жыйында борбордогу ыш көйгөйүн чечүү боюнча жол карта талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

"Жылытуу мезгилин ийгиликтүү өтүү максатында экономика тармактарын жана калкты жеткиликтүү деңгээлде көмүр менен камсыздоо маселеси каралып келет. Ошол эле учурда ден соолукка терс таасирин тийгизген ыш маселеси экинчи планда калууда. Ушуга байланыштуу ыш маселесинин алдын алуу иштерин күчөтүүбүз зарыл. Ыштын пайда болушун күтүп жата бербестен анын пайда болуу себептерин чечүү жөнүндө түзүлгөн “жол картанын” негизинде тиешелүү жетекчилер иш алып барып, ай сайын иштин жүрүшү тууралуу так маалымат берүүңүздөр керек”, - деди Төрөбаев.

Адистердин айтымында, борбор калааны ыш каптоосуна себептеринин бири жаңы конуштарда, жеке менчик мончолордо көмүрдүн, желимдердин жана тигүү цехтериндеги калдыктардын жагылышы болууда. Бул жагдайды чечүү үчүн аларды жаратылыш газы менен камсыздоо каралууда. Ал эми калдыктарды жана желимдерди кайра иштетүү керек.

Мындан тышкары, ыш каптоого Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунда жана отказандарда көмүрдүн колдонулушу, эски унаалардын көптүгү, таштанды таштоочу жайда таштандылардын өрттөлүшү, курулуш объектилеринин ирээтсиз курулушу жана бак-дарактардын азайышы болууда.

Бишкек шаарындагы абанын сапатын жакшыртуу долбоорунун алкагында тиешелүү булактардан каражаттарды тартуу күтүүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: