super.kg logo

Түркиядагы зилзаладан жабыр тарткандарга гуманитардык жардам жөнөтүлдү (сүрөт)

 

Түркиядагы зилзаладан жабыр тарткандарга гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, элден келген жардамдын 6 тоннага жакыны муктаждарга жеткирүү үчүн "Түрк аба жолдору" жана "Пегасус" авиакомпанияларына тапшырылып берилди.

"Жиберилген жардамдардын көбүн кышкы кийимдер, жууркан-төшөк, балдар жалаягы, гигиеналык каражаттар жана азык-түлүктөр түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Элчилик колдоосу үчүн кыргыз элине жана өкмөткө ыраазычылык билдирерин белгилеген.

Белгилей кетсек, 7-февралга караган түнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 67 куткаруучусу Түркияга жер титирөөдө жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн учуп кетишкен. Жекшемби күнү дагы 100 куткаруучу атайын борт менен учууга даярдык көрүүдө. Мындан тышкары кыргыз бийлиги Түркияда жабыркагандарга жардам берүү максатында депозиттик эсеп ачып, жер-жерлерде гуманитардык жардамдарды топтоо иштерин жүргүзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: