Түркияга дарыгерлер менен бирге дары-дармек түрүндөгү гуманитардык жардам жөнөтүлөт

Маалыматка ылайык, жардам көрсөтүү үчүн нейрохирург, травматолог, реаниматолог-анестезиолог, кан тамыр боюнча хирург жана жалпы профиль боюнча хирург барат. Дарыгерлер Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мобилдик госпиталында медициналык жардам көрсөтүшөт.
Ошондой эле дары-дармек жана медициналык каражаттар түрүндөгү гуманитардык жүк жөнөтүлөт. Мындан тышкары, медициналык кызматкерлер Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк эмгек акысын которору айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.