super.kg logo

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 29,5 миңден ашты

 

Түркиянын түштүк-чыгышында болгон катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 29 605ке жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, 147 миң 934 жаран жер титирөөдөн жабыркаган аймактардан башка провинцияларга эвакуацияланган.

Учурда аймактарда урандыларды тазалоо иштери уланууда. Аларга дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн куткаруучулар жана дарыгерлер катышууда. Алардын арасында Кыргызстандан барган топ да бар.

Түрк бийлиги буга чейин жер титирөөдөн кийин урап калган үйлөрдү куруу эрежелерин бузган деп табылган 131 адамга издөө жарыялаган.

Белгилей кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Жер силкинүүнүн Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: