super.kg logo

Түркиядагы жер титирөө: Гумжардамга тамак-аш азыктары да кабыл алынат

 
Түркияга гуманитардык жардам тамак-аш азыктары түрүндө кабыл алынат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин борбор калаада Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуу пункттары ачылган.

Белгилей кетсек, учурда гуманитардык жардам негизинен азык-түлүк түрүндө кабыл алынат.

Чогултуу пункттары төмөнкү даректерде жайгашкан:

Биринчи Май району боюнча пункт: Жибек-Жолу кең көчөсү № 495 дареги боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгында, телефон: 0 (312) 67 04 33;

Ленин району боюнча: Чүй кең көчөсү № 315 дарегиндеги муниципалдык администрациянын имаратынын биринчи кабатында, телефон: 0 (312) 653870;

Октябрь району боюнча: Байтик-Баатыр көчөсү, №17 дарегинде жайгашкан Муниципалдык администрациянын имаратынын 1-кабатында, телефон: 0(312) 578900;

Свердлов району боюнча: Чүй кең көчөсү №28 муниципалдык администрациянын имаратынын жанында, телефон: 0312 360707.

Ошондой эле табигат кырсыгынын кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүүнү каалагандар төмөнкү эсептин реквизиттерине акча каражаттарын которо алат.

Банк: "Айыл Банк" ААК
ИНН 01803199710084
БИК 135001
ОКПО 30597768
Эсеп № 1350102119900169 "КР финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)" (сом, АКШ доллары, евро);
Төлөм коду 14411100 – "Учурдагы жардам";
Максаты: Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: