super.kg logo

10-декабрь - Бүткүл дүйнөлүк адам укугун коргоо күнү

 
*10-декабрь - Бүткүл дүйнөлүк адам укугун коргоо күнү. Парижде 1948-жылы 10-декабрда Адам укугунун жалпы декларациясы кабыл алынган. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгондон бери адам укугу боюнча 30 эл аралык келишимге кол коюп, уюмдарга мүчө болуп кирген. Мындай кадам адам укугу боюнча кабыл алынган жалпы эл аралык принцип-нормаларга баш ийип, ошолордун жолу менен болууну талап кылат. 

Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир жарандын укугунун расасына, жынысына, тилине жана эркиндигине карабай бирдей экендигин бекемдейт. Мамлекет ар бир адамдын укугун жана эркиндигин туура пайдаланышына кепилдик берет. Жарандын укугунун жана эркиндигинин Конституциялык кепилдиги болуп КРнын Акыйкатчысы, КРнын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссия эсептелинет.

*2009-жылы (4 жыл мурун) коомдук ишмер Болот Жанузаков менен саясий серепчи Александр Князев белгисиз адамдар тарабынан ур-токмокко алынышкан.

*2012-жылы (1 жыл мурун) кыргыз элинин ала кийизи менен шырдагы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине расмий түрдө кошулган.

*2009-жылы (4 жыл мурун) АКШнын Президенти Барак Обама тынчтыкты коргоо, дүйнөдөгү өзөктүк куралсыздандыруу жана эл аралык коопсуздукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн "Нобель" сыйлыгына татыган.

Жылнаама толугу менен бул жакта... 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: