super.kg logo

Эне тилге эки мүнөт: "Беш тыйынга турбаган" фразеологизминин мааниси

 

Эне тилге эки мүнөт рубрикабызда бул жолу бир нече фразеологизмдердин маанилерин чечмелейбиз. Алар: төбө чачы тик туруу, каш-кабактын ортосу, сай сөөгү сыздоо, бармагын тиштөө, өпкөсүн калбыр кылуу, бөрү тоют болуу, беш тыйынга турбаган жана текей оттоо, карт бөрү.

Төбө чачы тик туруу - абдан коркуу, эси чыгып кетүү, үрөйү учуп, жүрөк титирерлик сезимде болуу, бүткөн бою дүркүрөө. Мисалы, Бул кабарды укканда отургандардын төбө чачы тик турду.

Каш-кабактын ортосу - күтүлбөгөн жерден, бир заматта, көз ачып жумганча, тез эле. Мисалы, Өлүм деген каш-кабактын ортосунда эле турбайбы.

Сай сөөгү сыздоо - азап, кайгы муң же ыза аркылуу катуу кейиште, күйүттө калуу. Мисалы, Сенин көз жашыңды көргөндө өзүмдүн да сай сөөгүм сыздайт.

Бармагын тиштөө - өткөн ишке өкүнүү, арман кылуу, өкүттө калуу (көбүнчө ойлогон ою орундалбай, иши оңунан чыкпай калган учурда). Мисалы, Тирүүсүндө сыйлап жүрө албагандыгына өкүнүп, ошондо бармагын тиштеди.

Өпкөсүн калбыр кылуу - Аябай жалынып-жалбара берүү, өпкө-жүрөгүн чабуу (көбүнчө сурануу, өтүнүү маанисинде). Мисалы, Тилими тузак, өпкөмү калбыр кылып жүрүп араң уруксат алдым.

Текей оттоо - эч нерсе кылбай бош жүрүү. Мисалы, "Мурунтан эмне болдуң, текей оттоп жүрдүңбү?" деп, атам мага абдан ачууланды.

Бөрү тоют болуу - чала тоюу, анча тоё бербей калуу. Мисалы, Ар кимиси бөрү тоют болгон соң, ныксырап уктап калды.

Карт бөрү - көптү көргөн, турмуштун ысык-суугун башынан өткөргөн, кагылып-согулган. Мисалы, Ал далайды баштан өткөргөн карт бөрүнүн бири.

Беш тыйынга турбаган - эч нерсеге жарабаган, кепке арзыбаган, оозго алынбаган, анча мааниси жок, болор-болбос бир нерсе. Мисалы, Мурдагы бардык талаш-тартыш, оош-кыйыш пикирлер тыйынга турбаган майда нерселерге айланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: