super.kg logo

Нурланбек Шакиев Конституциялык соттун төрагасын кабыл алды

 

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаевди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Шабданбек Алишев да катышты. Анда Конституциялык соттун судьяларын шайлоо жана алгачкы баш мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу өткөрүлүүчү иш-чаралардын планы талкууланды.

"Төрага Шакиев Баш мыйзамдын талаптарынын аткарылуусун көзөмөлдөөдө жана укук үстөмдүгүн орнотууда Конституциялык соттун салымы зор экенине токтолуп, соттун курамы иш билги, калыс адистерден куралышы керектигин кошумчалады.

Өз кезегинде Эмил Өскөнбаев мекеменин ишмердүүлүгүнө учкай токтолуп, “Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндөгү” президент Садыр Жапаровдун жарлыгы тууралуу сөз кылды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле парламенттин Конституциялык соттогу өкүлүн дайындоо жана анын макамын жогорулатуу маселелери көтөрүлгөнү кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: