super.kg logo
  Спорт  

UFC: Махачев менен Волкановскинин беттешинин айланасында чыр чыкты

 

Жаңы Зеландиялык мушкер Дэн Хукер жеңил салмактагы чемпион Ислам Махачевди UFC эрежесин бузган деп айыптады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Дэн Хукер Ислам Махачев беттештин алдында суусатпай турган дарыларды колдонгонун билдирди.

"Ал Австралияга келип, медайым жалдап, өзүнө суусабай турган капельницаны сайдырганын эч ким билбейт деп ойлоп жатат. Калпычы. Менин калп айтып жатканымды далилдеп бер. Ал алдаганда гана жеңишке жетет", - деп жазды Хукер.

Өз кезегинде Ислам Махачевдин менеджери Ризван Магомедов Дэн Хукердин айткандарына жооп берди.

"Баарыбыз билебиз, бул таптакыр болбогон сөз. Бул жигит утулган адам. Ал Исламдын жеңишине ачууланып, жөн гана өзүнө көңүл бурдурууга аракет кылып жатат, болгону ушул", - деген Магомедов.

12-февралда Ислам Махачев UFC 284 турниринде Александр Волкановскини калыстардын чечими менен утуп алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: