super.kg logo

Элчилик: "Түркиянын кооптуу аймактарынан кетүүнү каалабаган кыргызстандыктар бар"

 

Түркиянын кооптуу аймактарынан кетүүнү каалабаган кыргызстандыктар бар. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Министрлик Түркиянын Газиантеп, Кахраманмараш, Хатай, Малатия, Османие, Адана жана башка жабыркаган шаарлардагы Кыргызстандын жарандары менен байланыш бар экендигин да кошумчалады.

“Ошондой эле Кыргызстандын издөө-куткаруу топторуна жардам берген ыктыярчылар дагы бар”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстандан Түркияга 7-февралда 67 куткаруучу жана издөө иштерине үйрөтүлгөн эки ит жөнөтүлгөн. Ал эми 12-февралда 80 куткаруучу, үч дарыгер жана 78 боз үй менен боз үй тигүүчүлөр жөнөтүлсө, 13-февралда 35 адам, алардын ичинде - үч дарыгер, үч боз үй тигүүчү жана куткаруучулар учуп кетишти. Мындан сырткары, 49 боз үй, мобилдүү кийиз үй жана медикамент түрүндө гуманитардык жүк жөнөтүлдү.

Буга чейин кыргызстандык куткаруучулар урандылардын астынан 5 адамды куткарып, 104 жарандын сөөгүн чыгаргандыгы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: