super.kg logo

Жалал-Абадда Ооган согушунда курман болгондор эскерилди

 

Бүгүн, 15-февралда Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” эс алуу багында советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 34 жылдыгы белгиленди. Бул туурасында шаардык мэриянын маалымат борборунан билдиришти.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев ооган согушунун ардагерлери жана каза болгондордун жакындары катышты.

Эскерүү иш-чарасында каза болгон аскерлерге арналган эстеликке гүл коюлуп, курман болгондорго багышталып куран окулду.

Калаа башчысы Эрнисбек Ормоков каза болгон жоокерлердин жакындарына көңүл айтып, алар эч качан унутулбай тургандыгын белгиледи.

Эскерте кетсек, ооган согушуна 620 миң советтик аскер катышкан болсо, алардын ичинен 105 жоокер Жалал-Абад шаарынан барган. Алардын арасынан 17 жоокер курман болгон. Учурда калаада 79 ооган согушунун катышуучусу бар. Аларга мамлекет тарабынан жана жергиликтүү бийлик тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: