super.kg logo

Эрдоган Түркиядагы жер титирөөнү атомдук бомбага салыштырды

 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркиядагы жер титирөөнү атомдук бомбанын жарылуусунун кесепеттери менен салыштырды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Эрдоган ошондой эле Түркиянын түштүгүндөгү жүз миңдеген имараттар жашоого жараксыз экенин жана 2 миллион 200 миңден ашуун адамдын жер титирөөдөн жабыркаган аймактарды таштап кеткенин айтты.

"Дүйнөдөгү бардык адистердин жалпы пикири боюнча Кахраманмараштагы жер титирөөлөр чоңдугу, кыйратуучулугу жана биринин артынан бири болуп жаткандыгы менен өзгөчө табигый көрүнүш катары каралууда", - деген Эрдоган.

Түрк президентинин айтымында, кырсыктан кыйраган имараттардын 98 пайызы Түркиянын Мармара аймагында катуу жер титирөө болуп, 18 миң адамдын өмүрүн алган 1999-жылга чейин курулган. Ошол кездеги окуялар катуу, жер титирөөгө туруктуу курулуш нормаларынын кабыл алынышына алып келди. Эрдоган жер титирөөдөн кыйраган же жашоого жараксыз абалга келген бардык үйлөрдү жана жумуш орундарын калыбына келтирип, ээлерине өткөрүп берүүнү убадалады.

"Март айынын башынан тарта биз дароо 30 миң үйдүн курулушун баштайбыз. Биздин максат - бир жылдын ичинде сапаттуу жана коопсуз имараттарды куруп бүтүрүү. Жер титирөөдөн жабыркаган аймактардын турак-жайга болгон муктаждыгын канааттандырышыбыз керек", - деп кошумчалаган ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: