super.kg logo

Ырчы Акбар Сүйүнбаев туулган күнүндө алган өзгөчө белекти атады

 

Эстрада ырчысы Акбар Сүйүнбаев бүгүн, 15-февралда 38 жашка толду. Ырчы мырзаны туулган күнүн куттуктап байланышканыбызда алгачкылардан болуп жакындары куттуктаганын айтты.

"28 жашымда “Кырчындай кыздар турганда 40 жашка чыгып не кылам” деп ырдап чыккан экенмин (күлүп). Бирок убакыт мынча тез өт өрүн ал кезде баамдабасам керек. Бүгүн 38 жашка келип, туулган күнүмдү жакындарым жана мен сыйлаган жакшы адамдарым менен куттукташып турам. Эң негизгиси өткөндү карап өкүнө турган эч нерсе жок экенин так билем. Баарына Жараткан Аллага шүгүр айтып, төрүмдөгү апама татыктуу уул, Кудай кошкон жарыма сүйүктүү жар болуп жакшы күндөрдү бирге көрсөк деп тилек кылам!

Алдыда кыргыз эли үчүн аткарыла турган көп максаттарыбыз бар, буйурса аалам элинде тынчтык, өзүбүздө ден соолук болуп турса мекен үчүн кызмат кылабыз", - деди Сүйүнбаев.

Ошондой эле ырчы мырза өздүк майрамында өзгөчө белекти балдарынан алганын кеп кылды.

"Балдарым кагаздан открытка жасап, ага ырларды жазып белек кылышты. Мен үчүн ал өзгөчө белек болду".

Мындан тышкары ырчы учурда "DBILLIONS" командасы менен иштешип жатканын кабарлап, жеке чыгармачылыгына убакыт аз болуп турганын кошумчалады.

"Азыркы учурда жеке чыгармачылыгым бир аз токтоп турат. Себеби башка жоопкерчилик алып алганыма байланыштуу. "DBILLIONS" (кыргыз ютуб каналы) командасы менен иш алып баруудабыз" дейт ал.

Белгилей кетсек, ырчы Акбар Сүйүнбаев Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Кара-Тоо айылында туулган. Аталган айылда 8-класска чейин окуп, андан соң Кочкор райондук №15-кесиптик лицейинде ветеринардык окуу жайын аяктаган. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.

"Супер-Инфонун" версиясы боюнча "2006-жылдын супер дебюту" наамынын ээси болгон. Ырчы алгач "Сезим" аттуу ырын ырдап жүрүп, бирок чоң сахнага Султан Садыралиев менен биргеликте аткарган дуэти "Махабатым" ыры менен чоң сахнага чыгып, эл оозуна алынган.

Ырчы мырза 2010-жылы “Миң кыял” радиосунун ди-джейи Кундуз Казыбек кызына үйлөнгөн. Жубайлар учурда үч уулдун сүйүктүү ата-энеси. Акбар Сүйүнбаев 2017-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган.

Репертуарында "Ата-эне", "Көздөрүң", "Махабат көктөмү", "Кечирбейм", "Классташым", "Гүлүм", "Достор" ж.б 30га жакын ырлары бар.

15-февралга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.02.2023. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Төрт уулдун атасы эмеспи?
16.02.2023. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперлер силерде бир болсо ю тамгасы жоголуп кеткенби деймда буйурса буюрса эмес беле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: