super.kg logo

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган жарнамаларды алуу иштери уланууда (фото)

 

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы тышкы жарнамаларды иретке келтирүү боюнча рейд өткөрүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Алсак, Лев Толстой көчөсүн бойлой Жаш Гвардия бульварынан Кривоносов көчөсүнө чейин текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада 112 жарнама конструкциясы, анын ичинде 6 жарнама мамычасы, 106 баннер алынды.

Буга чейин комиссия жарнама жайгаштыруу эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, билдирүүлөрдү тараткан.

"Текшерүүлөр шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнама маалыматтын мамлекеттик тилдеги тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, ошондой эле шаардын сырткы жарнамаларын жайгаштыруу жана пайдаланууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти мэриядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: