super.kg logo

Акылбек Жапаров БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри менен жолукту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бүткүл Дүйнөлүк өкмөттөр Саммитинин алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухайл Аль Мазруи менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Анын алкагында, Акылбек Жапаров өткөн жыл кыргыз-эмират кызматташтыгы үчүн окуяларга бай болгонун белгиледи.

"Өткөн жылдын ноябрь айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапары болуп, анын алкагында биргелешкен холдинг түзүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюлган. Учурда тараптар ички процедураларды аяктоо иштерин жүргүзүүдө. Бул келишимдин алкагында биз инвестициялык кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүүгө даярбыз.

2022-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын экинчи отуруму ийгиликтүү өттү. Комиссиянын ишинин жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү, инвестиция, айыл чарба, транспорт жана логистика тармагында кызматташууну активдештирүүгө мүмкүндүк берүүчү бир катар келишимдерге кол коюлду”, - деди Жапаров.

Сухайл Аль Мазруи өз кезегинде кызматташуунун ыргагына канааттангандыгын билдирип, эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экенин белгиледи.

Жолугушууда тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, анын ичинде өкмөттүк акселераторлорду өнүктүрүү, биргелешкен холдинг түзүү маселелерин талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: