super.kg logo

Айыл чарба министри: "Дыйкандарды үрөн менен камсыз кылууда көйгөй жаралбайт"

 

Өлкөдө быйыл дыйкандарды үрөн менен камсыз кылууда көйгөй жаралбайт. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков бүгүн, 16-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Ал билдиргендей, учурда аймактарда жазгы талаа иштерине камылга көрүлүп жатат.

"Быйылкы жазгы талаа жумуштарын өткөрүүгө бүгүнкү күндө 80 пайыздан жогору текшерилген үрөндөр бар. Үрөн менен камсыз кылууда көйгөй жаралбайт. Экинчиден айыл чарба техникаларынын даярдыгы 85 пайызды көрсөтүп турат. 2022-жылы дыйкандарга айыл чарба техникаларын лизингге берүүнү 2,5 эсеге көбөйткөнбүз. Бул жылы техникалар чоң жардам беришет. Жазгы-талаа жумуштарын өз убагында аткарууга мүмкүнчүлүк бар.

Өлкөдө 17 компания минералдык жер семирткичтерди импорттоо менен алектенишет. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 40 миң тонна жер семирткич бар. Анын ичинен 30 миң тоннасы аммиак жер семирткичтери болсо, 10 тоннасы фосфор. Баасы былтыркы жылга караганда төмөн", - деп билдирди министр.

Мындан тышкары ал жазгы-талаа иштерине керектүү күйүүчү майдын запасы, атап айтканда 42 миң 170 тонна дизелдик күйүүчү май бар экенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: