Кыргыз куткаруучулары түрк тараптын суранычы боюнча Хатай шаарына кетти

Түрк тараптын атайын кайрылуусу менен аталган жерге бүгүн ӨКМ куткаруучулары жөнөтүлдү.
Хатай шаарында да жер титирөөнүн күчү катуу болгондуктан адам курмандыктары көп экендиги айтылып жана бүгүнкү күндө куткаруучулардын жетишсиздиги белгиленди.
Ал эми буга чейин Түркиянын Кахаранмараш шаарынын Хайрулла, Он эки шубхат, Баалыжа, Абдулла Шейит жана Ебрар райондорундагы урап түшкөн имараттарда издөө куткаруу иши жүргүзүлдү. Натыйжада куткаруучулар жалпы 5 адамдын өмүрүн сактап, 168 жарандын сөөгүн чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.